Айбек Калиев кызматтан алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековАйбек Калиев "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКтын жетекчилигинен бошотулду
Айбек Калиев Улуттук энергохолдинг компаниясы ААКтын жетекчилигинен бошотулду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөт башчы Сапар Исаков Калиевди кызматтан алуу боюнча сунуштама жөнөткөн

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Айбек Калиев "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКтын жетекчилигинен бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт башчы Сапар Исаков Калиевди кызматтан алуу боюнча тапшырма берген.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан билдиришкендей, "Улуттук энергохолдинг компания" ААКтын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Калиевдин орун басары Эрали Козубаев дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0