Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов. Архив

Элчи Ибрагим Жунусов "сууп" кеткен мамиле жана Гүлен уюму тууралуу айтты

2380
(жаңыланган 11:19 11.04.2018)
Жунусов эки мамлекеттин мамилесинде солгундоо болбогонун белгиледи

АНКАРА, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын Фетхуллах Гүлендин FETO уюму менен күрөшүү боюнча айткандарына түшүндүрмө берди.

Буга чейин Тайип Эрдоган Түркияда тыюу салынган уюм менен күрөшүүдө Кыргызстандан колдоо күтө турганын айткан.

"Эрдоган кечээ туура айтты, эгер ФЕТОнун мүчөлөрү Түркияда ушундайды жасаса Кыргызстанда дагы болуп кетиши ыктымал. Биз ал менен күрөшөбүз, бирок юридикалык факты, кишилердин аты-жөнү жана соттун чечими керек", — деди Жунусов.

Элчи ошондой эле Кыргызстанда "Мариф" фонду иштеши керектигин сунуштаганын белгиледи. Фонд эмне иш кыла турганы азырынча белгисиз.

Жунусов андан тышкары, Эрдогандын 2016-жылы эки мамлекеттик мамилеси сууп кетти деген сөзүнө түшүндүрмө берди.

Элчинин айтымында, мамиледе солгундоо болгон эмес.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен дагы жолугушту
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Жакында Бишкекте кыргыз-түрк достугуна арналып салынган оорукана ишке берилет. Андан тышкары, инвестиция келип жатат, түрк наабайканасы бар. Жыл сайын түрк тарап кыргызстандын жарандарына баасы 30 миңден 80 миң долларга чейин жеткен операцияларды Түркиянын ооруканаларында бекер жасоого мүмкүнчүлүк карап келет. Ушул нерсенин баары мамилелердин бекемделип жатканын бышыктайт жана мындан аркы ымала бекемделе бермекчи", — деди Жунусов.

Андан тышкары, бүгүн мигранттар менен болгон жолугушууда көтөрүлгөн маселелер чечиле турганын кошумчалады.

2380
Белгилер:
Ибрагим Жунусов, Түркия
Тема:
Жээнбековдун Түркия менен Бельгияга сапары (19)
Тема боюнча
40 атчандын коштоосунда келген Жээнбековду Эрдоган тосуп чыкты. Видео
Түркия менен пенсия боюнча түзүлгөн келишимдин КР мигранттарына эмне пайдасы бар