Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчи орун басары Бактыбек Мураталиев. Архив

Маммүлктүн мурдагы жетекчи орун басары Мураталиев камакка алынды

225
(жаңыланган 23:28 13.04.2018)
Кылмыш ишинин козголушуна Бакиевдердин VIP-шаарчасынын арзан сатылып кетиши негиз болду

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчи орун басары Бакытбек Мураталиев 12-апрелде убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кылмыш ишин козгоого баштапкы баасы 242 миллион сомду түзгөн Бакиевдердин VIP-шаарчасынын 142 миллион сомго сатылып кетиши себеп болгон.

ИИМ аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304 (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренелеринин (менчиктештирүү, салык, бажы жана уруксат лицензиясын берүүдө кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Ушундай эле беренелер боюнча аталган фонддун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков айыпталып, убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына киргизилди.

225
Белгилер:
кылмыш, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Бактыбек Мураталиев
Тема боюнча
Кыргызстанга келген жүк ташуучу унаалар "тракторго" айланганда
Маммүлктүн мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков темир торго киргизилди

Крымдан улам НАТО Россия армиясына тыюу салууга кыялданып келет

134
Йенс Столтенберг НАТО Россиянын кадамдарына карап, ага жооп иретинде Кара деңизге көбүрөөк күчүн жайгаштыра тургандыгын айтты. Бирок Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы аскердик блоктун күчтөрү Россиянын чек арасында эмне кылып жүргөндүгүн түшүндүргөн жок.

Андан сырткары, Россия эмне үчүн өзүнүн аймагын НАТО тараптан улам арбыган коркутуп-үркүтүүлөрдөн коргобошу керек дегенге да жооп бере алган жок.

Акыркы учурда альянс тараптан Россия чек арасына жакын аймактарда көбөйүп кеткен агрессиялык аракеттер арбыгандыктан, Россия өзүнүн коопсуздугун камсыздаганга аргасыз.

134
Белгилер:
чагымчыл, чек ара, Крым, НАТО, Россия, АКШ
Тема боюнча
НАТО Кара деңизге чыгууда. Альянс Крымда Россияны кысымга алмакчыбы?
Грузиядагы "Татыктуу өнөктөш-2020" аяктады. НАТО аскерлери өлкөдө эмне кылды
Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев. Архив

Артем Новиков Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берди

130
(жаңыланган 19:04 04.12.2020)
Өлкөнүн башкы салыкчысынын сөгүш алышына "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө пунктундагы иштер себеп болушу ыктымал.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берилгенин билдирди.

Анда Абдалиев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы белгиленет.

Тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

Жакында эле өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкуловго каарын төккөн. Анын ачуусун келтиргени — ноябрдын аягында ишке кирип, товарлардын эсебин ала турган системанын алигече үкөктөн чыгарылбай турганы болгон.

Бирок кийин салык кызматы ал иштерге башка мамлекеттик органдар жооптуу экенин айтып билдирүү тараткан.

130
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, сөгүш, өкмөт
Тема боюнча
Новиковго жооп бере албай буйдалган салыкчы. Видео
Новиковдон кагуу жеп буйдалган жетекчи. Салык кызматы түшүндүрмө берди
Тапанча кармаган киши. Архивдик сүрөт

Мурда милиционерди өлтүргөн кылмышкер эки адамды атууга шектелип кармалды

0
(жаңыланган 11:56 05.12.2020)
Кармалган жаран буга чейин милиция кызматкерин өлтүргөнү үчүн соттолуп абакта 11 жыл отуруп, былтыр эркиндикке чыккан.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жайыл районунун кафелеринин биринде эки адамды атып качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында милицияга чакыруу түшүп, Ново-Николаевка айылындагы кафеде 22 жаштагы жигитти белгисиз жаран атып кеткени белгилүү болгон. Ал аймактык ооруканага жаткырылган. 

В Жайыльском районе по подозрению в хулиганстве задержан член ОПГ, ранее судимый за убийство милиционера
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Жайыл районунун кафелеринин биринде эки адамды атып качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

Андан башка дагы бир 22 жаштагы жаран ошол эле кафеде ок жегенин айтып милицияга арыз жазган.

Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен КЖБРге катталган.

"Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү кылмышкердин изине түшүп жакынкы имараттардагы бардык видеобайкоолорду карап, күбөлөрдү суракка алган. Натыйжада шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 34 жаштагы Б.М. аттуу жаран экени аныкталды. Андан соң ал кармалып Жайыл райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Милициянын билдиришинче, кармалган жаран 2008-жылы Жайыл райондук милициянын кызматкери Эркин Жолдошбек уулун өлтүрүп, 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал абактан 2019-жылы чыгып, кайра кылмышка барганы белгиленет.

Азыркы тапта тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

0
Белгилер:
милиция, уюшкан кылмыштуу топ, кармоо, шектүү, Жайыл району
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
Качып кетип Москвадан кармалган кыргызстандыктар. Сүрөт
Ишкердин соода түйүнүн тартып алмакчы болгон. УКМК шектүүлөрдү кармады