Индира Жолдубаева Башкы прокурорлуктан алынды

Жазылуу
Буга чейин парламент президенттин Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча сунуштамасын колдогон болчу

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Башкы прокурор Индира Жолдубаева ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Экс-башкы прокурор Индира Джолдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туулган күнүндө кызматынан кол жууган Индира Жолдубаева тууралуу 6 факты
Белгилей кетсек, буга чейин Жээнбеков Жолдубаеваны кызматтан бошотуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштама берип, депутаттар парламенттин жалпы жыйынында аны кызматтан алууну колдошкон болчу.

Президенттин сунуштамасында Башкы прокурор Жолдубаева өзүнө жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбай жаткандыгына байланыштуу иштен алынып жатканы айтылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0