Бюджеттен 290 миллион сом уурдаган деп эки жеке компаниянын жетекчиси камалды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүШектүү жаран. Архив
Шектүү жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бюджеттен 290 миллион сом акча уурдаган компаниянын жетекчилери камалганын УКМКдан билдиришти.

Тракторлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга келген жүк ташуучу унаалар "тракторго" айланганда
Буга чейин бюджеттен көп суммадагы акчанын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары жана беш кызматкери кармалып, жумуштан алынган. 11-апрель күнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы козголгон кылмыш иштин алкагында "Таргет компании", "Тянь-Шань–Каинды" (азыркы "Фрезия") ЖЧКсы жана аларга байланышы бар "Скай Логистик", "Жибек жолу Транс" ЖЧКсына тинтүү иштерин жүргүзгөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча бул компаниялар мамлекеттик бюджеттен кошумча нарк салыгын кайтарып алуу жолу менен 290 миллион сомдон ашык каражатты чөнтөгүнө салган.

"Тергөө иштеринин натыйжасында бухгалтердик документтер, салыктар төлөнгөнү туурасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн салык органдарынын мөөрлөрү алдын ала басылган таза бланктар, Кытайдын, мамлекеттик органдардын жана компаниялардын мөөрлөрү, ири өлчөмдөгү акча каражаттары жана Кыргызстанга Кытайдан мыйзамсыз түрдө алынып келген дүйнөлүк бренддеги жасалма спорттук товарлар табылды", — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук соту жогорудагы компаниялардын Ц.Л., жана Л.Х. атуу жетекчилеринин баш коргоо чарасы карап, УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган.

Задержание со взяткой главы управления Генпрокуратуры - Sputnik Кыргызстан
УКМК прокуратура кызматкерин 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармады
УКМКнын маалыматы боюнча айрым юридикалык тараптар Кытайдан келген товарлар боюнча салык органдарына кошумча нарк салыгы жөнүндө жалган маалыматтарды берип турушкан. Иш жүзүндө кошумча нарк салыгы ашыкча төлөндү деген товарлар, бажы алымдары жана салыктар башка ишкерлерге таандык болгон. Аны ири соода-базар комплекстеринин ээлери төлөгөн болуп чыккан.

Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0