ЖК депутаттарынын катарын дагы бир киши толуктады

Жазылуу
Насыр Мусаев мурдагы депутат Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келди

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жогорку Кеӊештеги "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Насыр Мусаев бүгүн ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Мусаев маркум депутат Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келди.

"Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Насыр Мусаевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады", — деп айтылат маалыматта.

ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзүм билем! Сапар Исаков менен Бакыт Төрөбаев кер-мур айтыша кетти
Эскерте кетсек, бүгүн, 18-апрелде, "Кыргызстан" фракциясына жаңы депутат болгон Руслан Чойбеков дагы ант берген. Ал Дамирбек Асылбек уулунун ордуна келди.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0