Турускулов: РАЖ көпчүлүк коалицияга кирүүгө аракет кылат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Жыргалбек Турускулов
Депутат ЖК Жыргалбек Турускулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фракция мүчөлөрү эртең кезексиз жыйынга чогулат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясы көпчүлүк коалицияга кирүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын фракция лидери Жыргалбек Турускулов билдирди.

Анын айтымында, фракция мүчөлөрү эртең кезексиз жыйынга чогулат.

"Көпчүлүк коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат. Фракция мүчөлөрү эртең кезексиз жыйынга чогулуп, чечим кабыл алабыз. Ошондой эле көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркуловго кат жөнөтөбүз", — деди ал.

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковдун өкмөтүн кетирүүгө кайсы депутат кандай добуш берди. Тизме
Турускулов коалицияга кирүүдөгү башкы максат көпчүлүк коалицияны бекемдөө, өкмөттүн жаңы курамын түзүү экенин айтты.

Азыр көпчүлүк коалицияда КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары бар.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөгөндүктөн өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаков баштаган өкмөттү отставкага кетирүү боюнча Жарлыкка кол койгон

Жаңылыктар түрмөгү
0