"Республика — Ата-Журт" көпчүлүк коалициянын курамына кирди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын желеги. Архив
Республика — Ата-Журт фракциясынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Сапар ИСаков башында турган өкмөт отставкага кетип, президент Сооронбай Жээнбеков көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракцияларынын лидерлери менен жолуккан.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясы көпчүлүк коалициянын курамына кирди. Мындай чечим аталган биримдиктин кезексиз жыйынында кабыл алынганын депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковдун өкмөтүнүн отставкага кетиши. Соцтармак эмне дейт?
Эскерте кетсек, бүгүн Сапар ИСаков башында турган өкмөт отставкага кетип, президент Сооронбай Жээнбеков көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракцияларынын лидерлери менен жолуккан. Анда коалициянын лидери биримдик ошол курамда каларын, РАЖ фракциясы кошулушу мүмкүн экенин айткан.

Момбеков көпчүлүк коалициянын катарына РАЖды кабыл алууга каршы болгонун айтты.

"РАЖ оппозицияда жүргөндө да өзүнүн таасирдүү сөздөрүн айта алган эмес", — деди эл өкүлү.

Ал эми дагы бир депутат Айнуру Алтыбаева кезексиз жыйында бир гана РАЖды көпчүлүк коалицияга кошуу маселеси каралганын айтып, премьердин ордуна келчү талапкерлер боюнча сөз болбогонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0