Исхак Масалиев КСДП фракциясынын кемчилигин айтып, кине койду

Жазылуу
Депутат КСДП фракциясы алгач өкмөттүн отчетун жактырып, кийин кайра ага каршы болгонуна таң калганын айтты.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин бүгүнкү жыйынында отставкага кеткен өкмөттү мурдагы президент башынан бир тал чачын түшүрбөй коргоп келгенин айтты.

Ал ошондой эле Кыргызстандын тарыхында парламент өкмөттү биринчи жолу ишеним көрсөтпөө менен кетирип жатканына токтолду.

Депутат өз сөзүндө бүгүн болгон саясий өзгөрүү маанилүү экенин айтты.

"Бул эмненин белгиси? Биринчиден, жаңы саясий маданияттуулук ишке ашып жатат. Экинчиден, депутаттар азыркы өкмөт башчысына жана анын командасына ишенбейт. Аларды мурунку президент башынан кыл түшүрбөй коргоп келген болчу. Эми ээси кеткенден кийин ички ойлорубуз ачыкка чыкты. Үчүнчүдөн, өкмөттүн ишмердиги биз күткөндөй чыккан жок. Жаш команда деп өткөн жылдын август айында бекиткенбиз. Булар иштен чаң чыгарып, мамлекетти алдыга жылдырат делген. Бирок ал ишенич акталган жок. Киреше бөлүгү аткарылган эмес, чыгаша тармагы да ойдогудай болгон жок. Тышкы карызыбыз 300 миллион долларга, ички каразыбыз 127 миллион долларга көбөйүп кетти", — деди ал.

Масалиев ошондой эле КСДП баш болгон көпчүлүк коалиция аларды колдогонуна бир чети ыраазы болуп, бир жагынан таң калганын айтты.

Здание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жер иштеткен, лекция окуган, качкан экс-премьерлер. Өкмөттү башкаргандар кайда?
"Бир жума мурда өкмөттүн отчетуна жакшы баа берип, бүгүн ишеним көрсөтпөөнү колдогону (КСДП — ред.) менин пикиримде жакшы болбой калды. Силер өкмөтүңөрдү коргошуңар керек болчу. Ишеним көрсөтпөө — бул КСДП фракциясына ишеним көрсөтпөө деген сөз. Ошондуктан мен "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракцияларына кайрылат элем, сиздер ансыз деле мурда коалицияда жүрүп бир да кадр масалесин чече алган эмессиңер. Ошондуктан коалициядагы фракциялар чыгып, КСДПны жалгыз оппозицияда калтырып койсок, коомчулукта кичине үмүт пайда болот деген оюм бар", — деди депутат.

Өз кезегинде көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов Масалиевдин айткан дооматтарына жооп берип, коалициядагы фракция мүчөлөрүнүн ар биринин укуктары бирдей экенине токтолду.

Андан сырткары, өкмөткө эмнеге ишеним көрсөтпөөнү колдогонун түшүндүрдү.

"Баарыбыз көрүп жатабыз го, биз эмес, катардагы жарандар да көрүп жатат. Ар бирибизге "эмне болуп жатасыңар" деп кат келип, телефон чалуулар болуп жатат. Мына ушундай кырдаалда биз депутаттар да принципиалдуу позициябызды көрсөтпөсөк, калыс сөзүбүздү айтпасак болбойт. Биз бүгүнкү күнү эл алдындагы вазийпабызды аткарып жатабыз. Тынччылыкка, ынтымакка чакырып жатабыз. Мына ушундай позицияны карманып, оппозициялык фракциянын сунушун колдодук", — деди ал.

Өмүркулов өкмөттү отставкага көрсөтүү менен көпчүлүк коалиция тарабаганын билдирди.

Республика — Ата-Журт фракциясынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Республика — Ата-Журт" көпчүлүк коалициянын курамына кирди
"Жаңы түзүлө турган коалицияда да, депутаттарда да жоопкерчилик чоң. Кийинки өкмөттү тажрыйбалуу адистерден шайлайлы. Коррупциялык көрүнүшөрдөн алыс бололу. ТЭЦти көрдүк, кошумча нарк салыгы боюнча да көрүп жатабыз. Майыптар боюнча, өзгөчө биринчи топтогу майып балдар 3 миң сом алат. Өкмөт ошолорду караган ата-энелери үчүн 400 миллион таба албай койду. Анан бул өкмөттүн көзүн карап отуралыбы, андыктан биздин чечим туура деп ойлойм", — деди ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөгөндүктөн өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаков баштаган өкмөттү отставкага кетирүү боюнча Жарлыкка кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0