Премьер-министр болчу талапкердин аты-жөнү айтылды

Жазылуу
Сапар Исаковдун өкмөтү бүгүн отставкага кетти.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Премьер-министрликке учурда президенттин аппаратын жетектеген Мухаммедкалый Абулгазиевдин талапкерлиги көрсөтүлөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине атын атагысы келбеген депутат билдирди.

Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковдун өкмөтүнүн отставкага кетиши. Соцтармак эмне дейт?
Эскерте кетсек, 19-апрель күнү Жогорку Кеңеш депутаттары парламенттик оппозициянын сунушун колдоп Сапар Исаков башында турган өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков өз Жарлыгы менен отставкага кетирген.

Депутаттын айтымында, курамына жаңы эле "Республика — Ата-Журт" фракциясы кошулган көпчүлүк коалициясы эми Абулгазиевдин талапкерлигин карамакчы. Эл өкүлү маселе кырдаалдын чукулдугуна байланыштуу тез арада чечилерин белгиледи.

Абулгазиев аппарат жетекчилигине үстүбүздөгү жылдын 16-мартында келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0