Ата-энеси, балдары жана жубайы... Мухаммедкалый Абулгазиев тууралуу 7 факты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министрликке талапке Мухамметкалый Абулгазиевдин архивдик сүрөтү
Премьер-министрликке талапке Мухамметкалый Абулгазиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаков башында турган өкмөттү отставкага кетирди.

КСДП фракциясы премьер-министрликке ушу тапта президенттин аппаратын жетектеп жаткан Мухаммедкалый Абулгазиевдин талапкерлигин көрсөтүүдө.

Мындан улам Sputnik редакциясы өкмөттү жетектей турган Абулгазиев тууралуу кызыктуу 7 факты сунуштайт.

Туулган жери. 1968-жылы 20-январда Кочкор районунда туулган. Орто билимди Дөң-Алыш айылындагы Көкөбай Мамбеталиев атындагы жалпы билим берүү мектебинен алган. Айылдаштарынын айтымында, аталган мектепке ушул убакка чейин ар тараптан колдоо көрсөтүп турат.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАбулгазиев Социалдык фондду 2010-жылдан тарта 2016-жылга чейин башкарган. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында аталган тармакты мынчалык узак убакыт башкарган жетекчи боло элек
Первый вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Абулгазиев Социалдык фондду 2010-жылдан тарта 2016-жылга чейин башкарган. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында аталган тармакты мынчалык узак убакыт башкарган жетекчи боло элек

Алгачкы кесиби. 1994-жылы ошол убактагы Фрунзе шаарындагы Константин Скрябин атындагы айыл чарба институтун "агроном" адистиги боюнча аяктаган. Ошондон кийин эле "Кыргызстан" финансы-агроөнөржай ишканасынын директор орун басары, "Ажар" ишканасынын аткаруучу директору болуп иштеп жүрүп, Кыргызстандын Эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин бүтүргөн.

Экс-башкы прокурор Индира Джолдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туулган күнүндө кызматынан кол жууган Индира Жолдубаева тууралуу 6 факты
Социалдык фондду эң узак башкарган жетекчи. Мухаммедкалый Абулгазиев КРдин Социалдык фондусун 2010-жылдан тарта 2016-жылга чейин башкарган. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында аталган тармакты мынчалык узак убакыт башкарган жетекчи боло элек. Ал жетекчи болгонго чейин дагы бир нече жыл бул системада эмгектенген.

Акын агасы. Абулгазиевдин бир туугандарынын арасынан чыгармачыл дагы инсан чыккан. Агасы Сооданбек Абулгазиев акын,"Атылган жебе" китебинин автору.

Ата-энеси айылдаштары. Учурдагы президенттик аппараттын жетекчиси бир эле айылдын кулуну дагы, жээни дагы болот. Тагыраагы, атасы менен апасы Кочкор районунун Дөң-Алыш айылында туулуп-өскөн. Атасы Дүйшөке Абулгазиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болгон, бир нече жыл мурда көзү өткөн.

© Sputnik / Табылды КадырбековАбулгазиев бир эле айылдын кулуну дагы, жээни дагы болот. Ата-энеси экөө тең Кочкор районунун Дөң-Алыш айылынан
Председатель Социального фонда страны Мухамметкалый Абулгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абулгазиев бир эле айылдын кулуну дагы, жээни дагы болот. Ата-энеси экөө тең Кочкор районунун Дөң-Алыш айылынан

Төрт баланын атасы. Ал эки уул, эки кыздын атасы. Улуу балдары студент. Эки кичүү баласы Бишкек шаарындагы мектептердин биринде окушат.

Жубайы. Абулгазиевдин жеке жашоосу жана жубайы жөнүндө ЖМКларга маалыматтар көп чыга бербейт. Бизге белгилүү болгон маалыматтарга караганда, келинчеги балдарды тарбиялоо менен алектенип, үйдө отурат.

Жаңылыктар түрмөгү
0