Өкмөттүн жарымынан көбү өзгөрөт. Абулгазиев жаңы министрлерди сунуштады

Жазылуу
Учурда Кубатбек Боронов биринчи вице-премьерликке, Кашкар Жунушалиев Ички иштер министрлигине сунушталууда

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абулгазиев жаңы өкмөттүн болжолдуу курамын сунуштады. Ага ылайык өкмөттүн мурунку курамынын жарымынан көбү өзгөрөт.

Алардын тизмеси төмөндөгүдөй:

— Биринчи вице-премьер-министр — Кубатбек Боронов

— Вице-премьер-министр — Жеңиш Разаков

— Вице-премьер-министр — Замирбек Аскаров

— Вице-премьер-министр — Алтынай Өмүрбекова

— КР өкмөт аппаратынын башчысы — Мурат Мукамбетов

— Ички иштер министри — Кашкар Жунушалиев

— Юстиция министри — Айнур Абдылдаева

— Тышкы иштер министри — Эрлан Абдылдаев

— Экономика министри — Олег Панкратов

— Каржы министри — Адылбек Касымалиев

— Транспорт жолдор министри — Жамшитбек Калилов

— Өзгөчө кырдаалдар министри — Нурболот Мирзахметов

— Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри — Нурбек Мурашев

— Билим берүү жана илим министри — Гүлмира Кудайбердиева

— Саламаттык сактоо министри — Космосбек Чолпонбаев

— Маданият, маалымат жана туризм министри — Султан Жумагулов

— Социалдык өнүгүү министри — Таалайкүл Исакунова

— Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет — Идрис Кадыркулов

— КРдин Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы — Эрлис Тердибеков

— Өнөр жай, энергертика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы — Уланбек Рыскулов

— Маалымат, технологиялык байланыш боюнча мамлекеттик комитети — Бакыт Шаршембиев

Жаңылыктар түрмөгү
0