Иманалиев спикерден Исаковдун кечээги айтканы боюнча жооп талап кылды

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Каныбек Иманалиев
Депутат Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сапар Исаков "Апрель" телеканалында сүйлөп жатып парламент саясий өлүккө айланып бара жатканын билдирген.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Депутат Каныбек Иманалиев ЖКнын төрагасы Дастан Жумабековго кайрылып, "Сапар Исаков Жогорку Кеңеште 120 саясий өлүк отурат деди, сиз парламенттин аброюн сактоо үчүн эмне чара көрөсүз", — деп жооп талап кылды.

Кечээ, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сапар Исаков "Апрель" телеканалында сүйлөп жатып, ушул маанайдагы пикирин айткан.

"Исаков парламенттин беделине шек келтирди. Дүйнөгө уят болдук. Парламенттин аброюн сактоо сиздин, төраганын милдети. Ага эмне кылып чара көрөсүз, сотко кайрыласызбы, кайрылуу жасайсызбы, эмне кыласыз?", — деди Иманалиев.

Спикер Жумабеков процедуралык маселелерди чечип алгандан кийин, соңунда жооп берерин айтты.

Премьер-министрди шайлоо боюнча ЖКдагы кезексиз жыйында эмне болуп жаткандыгын бул жерден окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0