Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев ИИМдин борбордук аппаратынын жамаатына жаңы министр Кашкар Жунушалиевди тааныштырды

ИИМдин жаңы жетекчиси жамаатка тааныштырылды. Сүрөт

2375
(жаңыланган 20:02 22.04.2018)
Жунушалиев мындан эки жыл мурун Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп иштеген.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев ИИМдин борбордук аппаратынын жамаатына жаңы министр Кашкар Жунушалиевди тааныштырды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

  • Назначение министром МВД Кашкара Джунушалиева
    Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев ИИМдин борбордук аппаратынын жамаатына жаңы министр Кашкар Жунушалиевди тааныштырды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Назначение министром МВД Кашкара Джунушалиева
    Абулгазиев аталган министрликтин жаңы башчысынын тажрыйбасы мол экенин айтып, райондук бөлүмдүн инспекторунан министрлик кызматка чейин жеткенин кошумчалады.
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев ИИМдин борбордук аппаратынын жамаатына жаңы министр Кашкар Жунушалиевди тааныштырды.

Абулгазиев аталган министрликтин жаңы башчысынын тажрыйбасы мол экенин айтып, райондук бөлүмдүн инспекторунан министрлик кызматка чейин жеткенин кошумчалады. Тааныштыруу салтанатына экс-министр Улан Исраилов да катышты.

Жолугушууда өкмөт башчы уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөштү күчөтүү керек экенин айтып, жол кырсыктарын азайтуу зарылдыгын баса белгиледи.

Эске салсак, Кашкар Жунушалиев ИИМ министри болуп 20-апрелде дайындалган. 2016-жылы ал аталган ведомстовонун министринин милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Өкмөт башчы жана анын орун басарлары бүгүн кабинеттерине жайгашышты. Иш бөлмөлөрүн шилтемеден көрүңүз.

2375
Белгилер:
Мухаммедкалый Абылгазиев, өкмөт, ИИМ, Улан Исраилов, Кашкар Жунушалиев
Тема:
Мухаммедкалый Абулгазиевдин өкмөт башчылыгына дайындалышы (19)
Тема боюнча
Медведев Абулгазиевди жаңы кызмат орду менен куттуктады
Премьер Абулгазиев менен анын орун басарлары кабинеттерине жайгашты. Сүрөт
Премьер Абулгазиевдин иш бөлмөсүнө келгендеги эмоциясы. Видео
Мухаммедкалый Абулгазиевдин өкмөтү