Жээнбеков баш прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики
Здание Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Башкы прокуратураны Индира Жолдубаева жетектеп келген.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети башкы прокурорлукка көрсөтүлгөн Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралууда.

Жамшитов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, эгер башкы прокурор болуп калса текшерүүлөрдү азайта турганын айтты. Буга чейин депутат Бакыт Төрөбаев көп ишкерлер менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары текшерүү көп болгондуктвн такыр иштей албай калганын айткан болчу.

Рабочее совещание премьер-министра КР Мухаммедкалыя Абылгазиева с участием членов правительства - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев вицелердин милдетин бөлүштүрдү. Ким кайсы тармакты тескемекчи?
Эскерте кетсек, аталган кызматы буга чейин аркалап келген Индира Жолдубаева тагылган милдеттерди тийиштүү деңгээлде аткарган жок деген жүйө менен Жогорку Кеңеш депутаттары аны иштен алуу сунушун колдоп беришкен. Ал эми 13-апрель күнү президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү Жарлыкка кол койгон.

Өткүрбек Жамшитов буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0