БШК: депутат болуп келчү Келдибаевдин кош жарандуулугун тактап жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековКресла депутатов Жогорку Кенеша
Кресла депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келдибаев парламенттеги "РАЖ" фракциясына Өмүрбекованын ордуна депутат болуп келмек

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Социалдык тармакка "Республика — Ата-Журт" партиясынан ЖК депутаттыгына келе турган Сагындык Келдибаевдин кош жарандыгы туурасында маалыматтар чыкты. Ал эми бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы РАЖдан өкмөткө вице-премьер болуп кеткен Алтынай Өмүрбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени карамак. Өмүрбекованын ордуна Келдибаевдин мандат алары айтылган.

Бул маалыматтардан кийин Sputnik Кыргызстан БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматовго кайрылды.

"Бүгүнкү отурумга чейин бул маселени иликтеп чыгабыз. Тактай алсак, карайбыз, эгерде жетишпесек башка күнгө жылдыртабыз да, бул маселеге кайра кайтып келебиз. Тиешелүү документтерди алып келсе, жыйынга коюп, анан коллегиалдуу чечебиз. Маалыматты толук тактап туруп анан мандат беребиз, тактабасак, мандатты бербейбиз", — деди Бекматов.

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаттарынын катарын дагы бир киши толуктады
Ал эми Келдибаев Sputnik Кыргызстанга Россиянын жараны эместигин айтты.

"Россиянын жарандыгын 2006-жылы алып, 2014-жылы баш тарткам. Муну мен так айта алам, эгерде ушу тапта да РФ жарандыгы бар экени аныкталса мыйзам чегинде жооп берүүгө даярмын", — деди Келдибаев.

Буга чейин ЖКга "Кыргызстан" партиясынан депутат болуп келген Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы бар экендиги маалым болуп, коомчулукта бир топ пикирлерди жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0