Жээнбеков: антка бекем турбагандардын тагдыры кандай болгонун көрдүк

Жазылуу
Бүгүн парламентте жаңы өкмөттүн мүчөлөрү ант берди

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттүн мүчөлөрү бүгүн ант бергенден кийин президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрү менен депутаттарга кайрылып, "анттын тузу да, жүгү да оор болорун, аны көтөрө билүү керектигин" белгиледи.

Президент өз сөзүндө кыргыз эли анттын касиетине өзгөчө баа берип келгенине айтты.

"Өлкөбүздүн эгемендүү тарыхында ушул залда буга чейин да өкмөт мүчөлөрү ант берген. Бирок анттын ыйыктыгын, ошонун маңызын, жоопкерчилигин, касиетин, улуулугун түшүнбөгөндөрдүн, антка бекем турбагандардын тагдыры кандай болгонун өзүңөр көрдүңөр. Ошон үчүн берген антыңарга бекем болгула", — деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңеште бүгүн өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант берди - Sputnik Кыргызстан
Жаңы өкмөттүн мүчөлөрү ант берди
Мамлекет башчы  депутаттарга  да кайрылып, бир билек болуп иштөөгө чакырды.

"Урматтуу депутаттар, элибизде күч бирдикте деп айтылат, ошондуктан бардыгыбыз бир билек болуп, бир тирек болуп иштесек өлкөбүздүн түндүгү бийик көтөрүлөт, өлкөбүз өнүгөт", — деди ал.

Андан сырткары учурда өлкөнү өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экендигин, аны колдон чыгарбай пайдаланып, тарых алдында ак ниет менен иштеп берели деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0