Жамшитов: Мыктыбек Абдылдаевдей таза иштегенге ниет кылам

© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморовГенеральный прокурор КР Откурбек Жамшитов
Генеральный прокурор КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткүрбек Жамшитов депутаттар көтөргөн маселелерден жыйынтык чыгарын айтты

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жамшитов ага ишеним көрсөткөн депутаттарга, президентке ыраазычылыгын билдирип, учурунда Башкы прокурорлук кызматты аркалаган,  эл өкүлү Мыктыбек Абдылдаевдей таза иштегенге ниеттенип жатканын айтты.

Жогорку Кеңештин депутаттары Башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовду жактырды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 109 депутат "макул" деп добуш беришти.

"2002-2005-жылдардын аралыгында Кыргызстандын Башкы прокурору болуп, үзүрлүү эмгектенген, бүгүнкү күнү сиздердин кесиптешиңер Мыктыбек Абдылдаевдин алдынан өтүп, батасын алалы дедик.  Ушул адамдай болуп таза иштейли, коомдо прокуратуранын бедел-баркын жакшы тараптан көтөрүп иш алып баралы деп жакшы ниетте баштадык", — деди ал.

Жамшитов депутаттар көтөргөн — бизнести коргоо, кайталап текшерүүнү азайтуу, жарандардын арыз кайрылууларын кароо, резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгаруу боюнча маселелер абдан орчундуу экенин белгиледи. Андан сырткары ушул багытта өзгөрүүлөр сөзсүз түрдө болот  деген убадасын берди.

Ошондой эле жемкорлук менен күрөшүүнү, тазаланууну өздөрүнөн (прокуратурадан - ред.) баштай турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0