Мэр Албек Ибраимов: отставкага кетпейм

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов. Архив
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар башчысы суроолорго жооп берүүдө.

БИШКЕК, 26-апр. – Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов отставкага кетпей турганын жергиликтүү телеканалдардын бирине маек куруп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 25-апрель күнү, шаардык кеңештеги “Республика — Ата-Журт” фракциясынын депутаттары мэрдин ишин канааттандырарлык эмес деп тапкан.

Ибраимов калаа башчысы жумуштан кетет деген кеп ушактын деңгээлиндеги сөз экенин айтып, мэрди отставкага кетирүүнүн жол-жобосуна токтолду. Анын айтымында, РАЖдын чечими мыйзамдуу күчкө ээ эмес. 

“Мэрди дагы ишеним көрсөтпөө жолу менен кызматтан кетирүүгө болот экен. Мен дагы карап чыктым. Болгону мында депутаттардын 30унун добушу керектелет”, — деди шаар башчысы.

Мындан сырткары, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Ибраимов отставкага кетүүдөн коркпой турганын, эгер кызматтан кетип калса коюлган максаттарды аткарууга жетишпей каларына өкүнөрүн белгиледи.

Ибраимов шаар мэрлигине 2016-жылы келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0