Бишкек мэри РАЖдын чечимин "заказ" деп атады. Фракция эмне дейт?

© Sputnik / Эмиль СадыровПервое интервью мэра Бишкека Албека Ибраимова
Первое интервью мэра Бишкека Албека Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Албек Ибраимов анын ишин шаардык кеңештеги фракциянын баалашын "саясий заказ" деп атады.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Шаардык кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясы Бишкек мэринин жасаган ишин канааттандырарлык эмес деп тапты.

Мындай чечимди депутаттар калаа башчысы Албек Ибраимов менен жолугушканда кабыл алышкан. Өз кезегинде мэр шаардык депутаттардын чечимини мыйзамдуу күчкө ээ эмес экенин айтты.

"Мен өлкөдө болуп жаткан ар бир нерсеге назар салып турам, бул чечимди саясий заказ деп кабыл алганымды айттым. Биз отуруп шаардын көйгөйлөрүн талкууладык. Албетте, эмоцияга алдырган учурлар дагы болду, ансыз кызыксыз болуп калбайбы", — деди Ибраимов.

Импортные саженцы в Южной магистрали Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Мэрия көчөттөрдү эмнеге кымбат сатып алган? "Жашыл чарба" жооп берди
Калаа башчысы ошондой эле фракция актуалдуу жана конструктивдүү суроолорду бергенин кошумчалап, анын карамагындагы иштер боюнча жооп берүүгө аракет кылганын белгиледи. Мэр, андан сырткары, акыркы чечим шаардык кеңештин пландуу календардык жыйынында кабыл алынарын кошумчалап, калаа башчысынын ишмердүүлүгүнө шаардык кеңеш гана баа бере аларын айтты.

Ибраимов анын кызматтан кете турганы боюнча имиштер кайдан чыкканына токтолуп, өз оюн билдирди.

"Чынында ушак-айыңдарды окуп, талдаганга убактым жетпейт. Имиштер социалдык тармактарда пайда болду окшойт", — деди ал.

Шаардык кеңештин мурдагы төрагасы, учурда "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Канат Музуралиев алар кабыл алган чечим мыйзамдуу экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Чогулуп калган бардык маселелер боюнча сүйлөштүк. Мэр эки жылдан бери жасаган иши боюнча отчет бере элек болчу. Анын иши боюнча маселени шаардык кеңеш өз жыйынында 15-майга чейин талкууга алышын суранабыз. Бул саясий заказ эмес, биздин саясий маселелерди көтөргөнгө укугубуз жок. Мэрдин отчетун гана талап кылдык, башка нерсе тууралуу сөз болгон жок. Анын берген жообуна канааттанган жокпуз", — деди депутат.

Музуралиев калаа башчысы жолугушууга мэр жана бардык вице-мэрлер келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0