Райымбек Матраимов Сапар Исаковду сотко берди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОфициальный визит премьер-министра КР Сапара Исакова в РФ
Официальный визит премьер-министра КР Сапара Исакова в РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Матраимов буга Исаковдун "негизсиз жумуштан алганы" себеп болгонун айтты

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду сотко берди. Бул маалыматты экс-бажычынын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов тастыктады.

Анын айтымында, Райым Матраимов аны Исаков "негизсиз жумуштан алды" деп даттанган.

"Инимдин жумуштан кетиши биз үчүн күтүүсүз болгон. Инимдин кызматтан алынышы боюнча чечим мыйзамсыз болгон. Анткени ал иштен кетүү боюнча арыз жазган эмес. Мындан улам Райымбек Сапар Жумакадыровичти сотко берди. Муну мен да колдойм, ал өзүнүн актыгын далилдеши керек. Анын сотко даттанганынын максаты — кызматка кайра келүү эмес, күнөөсүз жумуштан алынганын тастыктоо, — деди Матраимов.

Азырынча Райым Матраимов кайсы сотко кайрылганы белгисиз.

Эркек адамдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элесиң турат, өзүң жок... Табышмактуу Райымбек Матраимов тууралуу 5 факты
Эске салсак, Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Өткөн жылдын 23-ноябрында премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматтан алган. Агаа уда эле жеткечиси Азамат Сулайманов да кызматтан бошотулган.

Ал эми Бажы кызматынын жетекчиси болуп дайындалган Кубанычбек Кулматов өкмөт башчынын кабыл алуусунда болуп, Ош бажысынан он эсе көп акча чогула баштаганын айткан. Мындан улам мурда Ош бажысын жетектеп, кийин республикалык бажы кызматынын жетекчисинин орун барасы болуп жүрүп жумуштан алынган Райым Матриаимовдун дарегине коомчулукта бир топ сындар айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0