Сапар Исаков Алмазбек Атамбаевдин орун басары болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкс-президент Алмазбек Атамбаев жана мурдагы премьер-минист Сапар Исаков. Архив
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана мурдагы премьер-минист Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Партиянын жыйынында төраганын орун басарларын шайлоо маселеси каралган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. КСДПнын саясий кеңешинин жыйынында партия төрагасы Алмазбек Атамбаевдин орун басары болуп Асел Кодуранова, Сапар Исаков жана Мурадыл Мадеминов шайланды. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматы билдирди.

Сарсанаа болбогула! Сапар Исаковдун УКМКдан чыккан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Сарсанаа болбогула! Сапар Исаковдун УКМКдан чыккан видеосу
Ага ылайык, партиянын жыйынында төраганын орун басарларын шайлоо маселеси каралган. Партия төрагасынын мурдагы орун басары Фарид Ниязов "Апрель" коомдук фондусунун аткаруучу директору болуп дайындалган.

Жыйында Кодуранова, Исаков жана Мадеминовдун талапкерлиги бир добуштан жактырылып, колдоого алынган.

Атамбаев ошондой эле саясий кеңеш мүчөлөрүнүн суроосуна жооп бергени айтылат.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков башында турган өкмөттүн 2017-жылы жасаган ишин парламент канааттандырарлык эмес деп таап, 19-апрелде отставкага кетирген.

Ал эми 26-апрелде Исаков УКМКга КР президентинин аппаратында иштеп турган учурдагы ишмердиги боюнча сурак берип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0