Жээнбеков баш прокурордун орун басарын алмаштырды

Жазылуу
Усманова аталган кызматты алты жылдан бери аркалап келген.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Баш прокурордун орун басары болуп Жамиля Жаманбаева дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Өлкө башчынын дагы бир буйругу менен аталган кызматты 2012-жылдан бери аркалап келген Людмила Усманова өз арызынын негизинде бошотулду.

Кечээ, 26-апрель күнү, президент өз Жарлыгы менен баш прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовду дайындаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0