Финполго жаңы жетекчи орун басары менен кошо дайындалды

Жазылуу
Буга чейинки жетекчи аталган кызматта 10 күн гана иштеген.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагалыгына Бакир Таиров дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин дагы бир буйругу менен аталган мекеме жетекчисинин орун басары болуп Эмил Жамгырчиев келди.

Эскерте кетсек, Финполдун төрагалыгына 16-апрелде дайындалган Болот Сүйүмбаев 10 күндөн кийин кызматтан алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0