ТЭЦти жаңылоо: Сатыбалдиев менен Артыкбаевдин жоопкерчилигин кароо сунушталмакчы

Жазылуу
Депутаттык комиссияга 12 депутат кирип, ТЭЦтеги авария жана аны жаңылоого кеткен каражаттын жумшалышын иликтешкен.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. ТЭЦтеги авария жана аны жаңылоого кеткен каражаттын сарпталышын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өз корутундусун чыгарып, эки жетекчинин жоопкерчилиги каралышы керектигин белгиледи. Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

26-январда Бишкек ТЭЦтинде авария болуп, шаардыктар бир жума жылуулуксуз калган. Алгач авариянын себептерин аныктоо маселеси көтөрүлүп, кийин ТЭЦти модернизациялоого кеткен Кытайдын 386 миллион доллар насыясынын сарпталышын да иликтөө маселеси көтөрүлгөн.

Нышановдун айтымында, комиссиянын корутундусу эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

"Биз ошол мезгилдеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин атын атадык. Андан ылдый жактагылардын бардыгына иш козголуп, камакка алынды. Элге ким кол коюп, ким сүйлөшүү жүргүзгөнү кызык. Биз аны чыгардык. Эми корутундуну төрагага сунуштап, ал кабыл алса Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат", — деди депутат.

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЭкс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев
Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев - Sputnik Кыргызстан
1/2
Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев
© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев
Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев
1/2
Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев
2/2
Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев

Нышанов ошондой эле корутунду чыгып, документтерге кол коюлгандыктан депутаттык комиссиянын жыйыны болбой турганын кошумчалады.

Ал ортодо депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов корутунду боюнча комиссия мүчөлөрүнүн сунуш-пикирлери болгондуктан дагы чогулуш болорун белгиледи.

Примов ошондой эле корутундуда экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен мурдагы энергетика министри, учурдагы депутат Осмонбек Артыкбаевдин аты аталганын ырастады.

"Азырынча дагы талкуулайбыз деп чечтик, анткени депутаттардын сунуштары бар экен. Корутундунун мазмунун азыр айтпай турайын. Анткени комиссиянын мүчөлөрү чогулуп дагы бир жолу талкуулайбыз. Корутундуга 8 депутат кол койгон", — деди ал.

Строительная площадка в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Ушул элеби? ТЭЦке 640 долларга алынган аттиштин сүрөтү
Эл өкүлү корутундуда дагы кимдердин аты аталганын айтуу эртелик кыларын кошумчалап, комиссия мүчөлөрүнүн сунуштары корутундуга кошулабы деген суроого "жеринен чечебиз" деп жооп берди.

Өз кезегинде мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына бул иш боюнча телефондон түшүндүрмө бербей турганын, көзмө-көз жолукканда гана айтып берерин кошумчалады.

Ал эми Осмонбек Артыкбаев менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бишкек ТЭЦтинде 26-январда болгон кырсыктын чоо-жайын жана ТЭЦти модернизациялоого корогон каражатты иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссияга 12 депутат кирген. Алар:

Аалы Карашев — КСДП;

Айбек Алтынбеков — "Республика — Ата Журт";

Аида Касымалиева — КСДП;

Акылбек Жамангулов — "Республика — Ата Журт";

Алмазбек Токторов — "Кыргызстан";

Данияр Аттокуров — КСДП;

Исланбек Сарсейитов — "Кыргызстан";

Исхак Масалиев — "Өнүгүү — Прогресс";

Мыктыбек Абдылдаев — "Бир Бол";

Сайдулла Нышанов — "Ата Мекен";

Улан Примов — КСДП;

Умбеталы Кыдыралиев — "Республика — Ата Журт".

Глава Нацэнергохолдинга КР Айбек Калиев - Sputnik Кыргызстан
УКМК Айбек Калиевди кармады
Белгилей кетсек, 26-январда Бишкектеги ТЭЦте авария болуп калаадагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү үзгүлтүккө учуруган. Кырдаал бир жумадан кийин гана калыбына келтирилип, бир катар жетекчилер жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен ТЭЦтин диреткору Нурлан Өмүркул уулу кызматтан алынып, "Улуттук энергохолдинг компани" ишканасынын башчысы Айбек Калиев кызматтан алынып, камалган. Ошондой эле бир катар энергетиктер дагы ишинен кол жууп, камакка алынган.

Андан сырткары, ТЭЦти модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков дагы УКМКга суракка чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0