Жээнбеков: коррупция менен күрөшүүдө дос, тууганга карабайм

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков коррупция менен күрөшүү президенттик ишиндеги эң артыкчылыктуу багыт бойдон кала берерин белгиледи.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районунун тургундары менен болгон жолугушууда мамлекеттик системада коррупцияга каршы күрөш күчөй турганын айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков коррупция менен күрөшүү президенттик ишиндеги эң артыкчылыктуу багыт бойдон кала берерин белгилеп, эл башкарам дегендер эң биринчи кезекте өзүлөрү таза болуш керектигин айтты.

"Укук коргоо органдарында, сот системасында, билим берүү, саламаттык сактоо тармагында да коррупцияга каршы күрөш токтобойт, күчөйт. Бардык бийлик бутактарында күчөйт, өзгөчө элге кызмат көрсөткөн мамлекеттик структураларда. Азыр мына процесс кетти. Мага жакынбы, бир тууганбы, доспу — эч нерсеге карабайм. Бардыгы бирдей жооп берет, антпесе коррупцияны жеңе албайбыз", — деди ал.

Президент жакын арада граждандык коом менен жолугушарын жана алар менен коррупцияга каршы күрөшүү маселелери, негизги багыттар талкуулана турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0