Жантөрө Сатыбалдиев: бизди жегичтер, ичкичтер деп шылдыңдабагыла

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловЭкс-премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев
Экс-премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына мурдагы премьерлер — Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков катышууда.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев депутаттарга кайрылып, аларды жегичтер, ичкичтер деп шылдыңдабоого чакырды. Мындай аракет депутаттарга да, мурдагы өкмөттүн мүчөлөрүнө да аброй алып келбей турганын айтты.

Кандидат на пост премьер-министра Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков: Исхак Масалиев калп айтпасын
Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин жалпы жыйынында Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу каралып жатат.

Сатыбалдиев Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо боюнча Атамбаев эч кандай көрсөтмө бербегенин айтты. Буга чейин депутататтык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев ошол кездеги президент Атамбаев финансы жана энергетика министрлерине түзмө-түз буйрук бергенин айтып, мурунку өлкө башчыны кол тийбестиктен ажыратууну сунуштаган.

"ТЭЦти модернизациялоо боюнча "бул компанияны танда" деп президент кат түрүндө да, оозеки түрдө да тапшырма берген эмес", — деди ал.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына мурдагы премьерлер — Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков катышууда. Ошондой эле ТЭЦти модернизациялоо боюнча келишимге кол коюлуп жатканда финансы министри болуп иштеген Ольга Лаврова да келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0