Кыргызстанда иштеп жаткан жана экс-президенттерди жоопко тартса болобу?

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный флаг Кыргызстана, в центре которого изображен тундук кыргызской юрты в обрамлении сорока солнечных лучей
Государственный флаг Кыргызстана, в центре которого изображен тундук кыргызской юрты в обрамлении сорока солнечных лучей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иштеп жаткан өлкө башчысы менен мурдагы президенттердин кандай артыкчылыктары бар экени мыйзамда даана жазылган. Sputnik Кыргызстан агенттиги учурдагы жана "экс" статусу бар президенттер кандай учурда жоопко тартыларына кызыгып көрдү.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кечээ, 10-май күнү, Жогорку Кеңеште ТЭЦтеги авария жана аны модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу чыгып, аны парламент укту

Жыйынга экс-премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана ошол кездеги финансы министри Ольга Лаврова чакырылган.

Корутунду менен аталган комиссиянын төрагасы Улан Примов тааныштырып, негизинен ТЭЦти модернизациялоо жана ага насыя алуу аракеттери туура болгон деген жыйынтык чыгарды. Бирок ошол каражаттын пайдаланылышы суроо жаратып жатканын белгиледи.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президенти кимди ишке дайындап, кимди иштен ала алат
Примовдон кийин комиссиянын мүчөсү, "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев да сөз алып, финансы жана энергетика министрлерине түзмө-түз буйрук берген деген кине менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алууну сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында, Атамбаев президенттик укугунан аша чаап пайдаланган.

Бирок жыйынга катышып жаткан экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков мурунку өлкө башчы аткаруу бийлигине эч кандай буйрук бербегенин айтышты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги мыйзам бузган "экс" же учурдагы президенттер жазага тартылар-тартылбасына кызыгып көрдү. Бул суроонун баарына Конституцияда жазылган "КР президентинин ишмердигинин кепилдиги тууралуу" мыйзам жооп берет.

Президенттин кол тийбестиги

Өлкө башчынын кол тийбестиги бар. Эч ким, эч бир мамлекеттик органдын президенттин кол тийбестигине шек келтире турчу кандайдыр бир чараларды же аракеттерди көргөнгө укугу жок.

Закрытое заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев ТЭЦ тендери, Сапар Исаков жана "Райым миллион" туурасында айтты
Президент ишмердиги учурунда жасаган же жасабаган аракеттери үчүн кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондой эле кармалып, камалып, тинтүүгө, суракка алынбайт. Мамлекет башчы президенттиги учурунда жасаган же жасабай койгон аракеттери үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылбайт. Анын ар намысы мыйзам менен корголгон.

Ошентсе да Конституцияда иштеп жаткан президентти кызматынан кетирип, андан кийин кылмыш жоопкерчилигине тартууга боло турган норма бар.

Импичмент жарыялоонун негизи жана жол-жобосу

Президент Жогорку Кеңештин кылмыш жасады деген айыптоосунун негизинде гана кызматтан кетет. Иштеп жаткан президенттин кылмыш ишине тийиштиги бар экени Башкы прокуратуранын айыптоо корутундусу менен далилдениши керек.

Кийинки кадамдар төмөндөгүдөй:

Атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу;

Депутаттардын кеминде үчтөн бири президентти иштен алуу үчүн ага коюлган айыптоону колдошу керек;

Жогорку Кеңештеги депутаттардын жарымынан көбү айыптоону кубатташы кажет;

Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими президентке каршы күнөө коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө парламенттин чечими кабыл алынбаса, коюлган күнөө четке кагылды деп эсептелинет.

Экс-президенттин кепилдиги

Өз ыйгарым укуктарын токтоткон президенттерге Кыргызстандын экс-президенти деген наам ыйгарылат.

Эгер ал кызматынан кетирилсе мындай наам берилбейт.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевге Кыргызстан канча акча коротту
Экс-президенттин да кол тийбестиги бар. Ал кызмат учурунда жасаган жана жасабаган иштери үчүн кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондой эле аны кармоого, камоого, тинтүүгө, суракка алууга мыйзам жол бербейт. Кол тийбестик, андан сырткары, анын жашаган, иштеген жерине, колдонгон автоунаасына, байланышына, ага тиешелүү архивге, башка мүлкүнө, документтерге, жүккө жана кат алышуусуна да тиешелүү.

Экс-президенттин ар намысы кол тийгис жана мыйзам менен корголот.

Кыргызстандын Баш мыйзамында дал экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча аракеттердин жол-жобосу каралган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0