Сапар Исаков: буга чейин Жээнбековду коргоп келгем

Жазылуу
Сапар Исаков ТЭЦти модернизациялоого тийиштиги бар бардык жетекчилерди, анын ичинде учурунда премьер болгон Сооронбай Жээнбеков менен экс-төрага Асылбек Жээнбековдун да жоопкерчилигин кароону сунуштады.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ТЭЦтин айланасындагы окуялардын Жогорку Кеңеште талкууланышын элди адаштыруу жана авариянын чыгышына себепкер болгон чыныгы күнөөлүүлөрдүн жоопкерчиликтен качышын шарттоо деп баалады. Исаковдун билдирүүсүн КСДП партиясы таратты.

УКМКнын имаратынан чыккан Кулматов эмнеге чакырылганын айтты. Видео - Sputnik Кыргызстан
УКМКнын имаратынан чыккан Кулматов эмнеге чакырылганын айтты. Видео
10-майда эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Бишкек ТЭЦтиндеги авария жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулашкан.

Депутат Исхак Масалиев экс-президент Алмазбек Атамбаевди министрликтерге насыя алгыла деп буйрук бергени үчүн кол тийбестигин алууну сунуштаган. Парламенттин жыйынында мурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков Алмазбек Атамбаев насыя алгыла деп түздөн-түз көрсөтмө бербегенин айткан

"Парламенттеги кечээки талкууда айрым саясатчылар элди адаштырып, ТЭЦтеги окуяга чыныгы күнөөлүүлөрдүн жоопкерчиликтен качышын шарттап жатышат. Депутаттык комиссияны башынан эле чаташтырып, башка багыт беришкен. Ошентсе да эл өкүлдөрүнүн ичинен тажрыйбалуу жана татыктуу кишилер бар. Ачык-айкындуулук менен чындык акыр аягы жеңет деп ишенем", — деди Исаков.

Мурдагы премьер авариянын чыгышына бардык жетекчилердин жоопкерчилиги бар экенин айтты. Анын ичинде ТЭЦтин ошол учурдагы директору, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин жүргүзгөн премьер-министрлер да бар.

Государственный флаг Кыргызстана, в центре которого изображен тундук кыргызской юрты в обрамлении сорока солнечных лучей - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда иштеп жаткан жана экс-президенттерди жоопко тартса болобу?
"Нурлан Өмүркул уулунан тарта Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаковго чейин жооп бериши керек. Мен Сооронбай Шариповичти кышында болгон авария учурунда билип туруп коргоп келгем. Көбү унчукпай отурган. Шаардыктар тоңушту, ТЭЦти кышка даярдагандар үн катпай бири-бирине шылтап отуруп алышты. Мен башкарган өкмөт күзүндө келди, бирок мен саясий жоопкерчиликти өзүмө алдым", — деди Исаков.

Мурдагы премьер-министр ошондой эле ТЭЦти 386 миллион долларга модернизациялоодо да бардык жетекчилер жооп бериши керектигин айтты. Анын ичинде ТЭЦтин директору Андрей Воропаев, Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, мурдагы премьерлер — Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков жана экс-төрага Асылбек Жээнбековдун дагы жоопкерчилиги каралышы керек деген пикирин билдирди.

"Депутаттык комиссия тарабынан түзүлгөн тизме толук эмес. Эгер аягына чейин чынчыл болобуз десе, анда келишим боюнча документке кол койгондордун бардыгын суракка алышсын. Ратификацияны дароо үч окуудан өткөргөндөрдү дагы", — деди Исаков.

Ал, андан сырткары, имаратты кабыл алууда тийиштүү текшерүү жүргүзбөгөндөр да жооп бериши керектигин кошумчалап, президент коррупция менен күрөшүүдө досуна, тууганына карабайм деп айтканын эске салды.

ТЭЦтеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо кийинки шаршемби, 16-майда, улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0