Кыргызстанда алты жергиликтүү кеңеште шайлоо өтүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековИтоги голосования на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Итоги голосования на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоодо 45 миңден ашык адамдын добуш берүүсү күтүлүүдө.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бүгүн, 13-май күнү Кыргызстанда бир шаардык жана беш айылдык кеңештин депутаттары шайлана турганын Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаардык кенешинин депутаттары мэрди шайлоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэри кайсы учурда отставкага кетет. 10 себеп
Ага ылайык, шайлоо Токтогул шаарында, Сузактын Көк-Арт айылында, Ат-Башынын Казыбек айылында, Кара-Суу районунун Төлөйкан айылында өтөт.

Андан сырткары, Аксы районунун Кара-Жыгач айылы менен Сокулуктагы айылдык кеңештерде мөөнөтүнөн мурда шайлоо болууда.

Жылпысынан 126 депутат шайланат. Анын 21и шаардык кеңештики болсо, айылдык кеңештерге 105 депутат шайланышы кажет.

Добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкалары ачылып, керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

Шайлоодо 45 миң 447 киши добуш берет. Мөөнөтүнөн мурда 385 киши добуш берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0