Жээнбеков Сочиге учуп кетти. Коштоп баргандардын тизмеси

Жазылуу
Президенттин Россия президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен эки тараптуу жолугушуусу болжолдонууда.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Сочи шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында ЕАЭБ алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык мейкиндикте мындан аркы интеграциялоо маселелери талкууланат.

"Евразиялык экономикалык комиссия биримдиктин алкагында эки жылдын аралыгында жетишкен негизги жыйынтыктарды чагылдырган "Кыргыз Республикасы: Евразиялык экономикалык бирликтеги эки жыл. Алгачкы жыйынтыктар" аттуу доклад сунуштамакчы", — деп айтылат билдирүүдө.

Президент РФ В. Путин встретился с президентом Киргизии Сооронбаем Жээнбековым - Sputnik Кыргызстан
Путин менен Жээнбеков Сочиде эмне тууралуу сүйлөшөрү айтылды
Жээнбековдун Россия президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен эки тараптуу жолугушуусу болжолдонууда.

Президентти тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, вице-премьер Жеңиш Разаков, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, экономика министри Олег Панкратов, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов коштоп жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0