Путин менен Жээнбеков Сочиде жолукту. Ортодо эмне кеп болду?

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРФ лидери Владимир Путин КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен Сочиде жолугушуу учурунда
РФ лидери Владимир Путин КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен Сочиде жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Путинге жолугушуу жана кызматташуунун келечегин талкуулаган мүмкүнчүлүк үчүн ыраазылык билдирди.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жөнгө салынып калган кызматташуу дурус темпте өнүгүп жатат. Муну РФ лидери Владимир Путин КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп жатканда айтканын РИА Новости жазды.

Бүгүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп жатат.

Путин топтолуп калган маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк жаралгандыгына канааттанып жаткандыгын айтты.

"Менин көз карашымда биз сүйлөшө турган маселелер жетиштүү, жакшы мисалдарыбыз да аз эмес. Ортобузда кызматташуунун жөнгө салынып калган тармактары бар, алар дурус өнүгүп жатат", — деди ал.

Россия лидери Евразилык экономикалык биримдик туурасында да кеп болорун айткан.

Как встречали Жээнбекова в Сочи — видео - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков Сочиге барды. Видео
"Бүгүн биздин экономикалык уюмдун алкагындагы кызматташууну мындан да арттыруу кесиптештерибиз менен биргеликте кеңири форматта сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Менин көз карашымда бул өз ара алака-кызматташуубузга зарыл болгон жаңы шарттарды түзүп берет", — деген Путин.

Жээнбеков Путинге жолугушуу жана кызматташуунун келечегин талкуулаган мүмкүнчүлүк үчүн ыраазылык билдирген.

"Биринчиден, Россиянын президенттигине расмий киришкендигиңиз менен куттуктайм. Сиздин жетектөөңүз менен Россия көп ийгиликке жетишти. Сиздин лидерлигиңиз менен Россия ички жана тышкы саясатында дагы арбын ийгиликтерди багынтарына ишенем", — деген Жээнбеков.

Ал жыл башынан тарта эки мамлекеттин ортосунда бардык тармакта бирдей деңгээлде диалог активдеше баштагандыгын белгилеген.

"Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, башкы союздашы Россия менен ар тараптуу кызматташуу жаатында алган багытын дагы бекемдээримди белгилеп кетким келет", — деп кошумчалаган Жээнбеков.

ЕАЭБ курамына Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет. Кыргызстан биримдикке 2015-жылдын 12-августунда кошулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0