Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү

ТЭЦтеги авариянын жоопкерчилиги Сапар Исаковго жүктөлүүдө. Мурунку премьердин жообу

792
(жаңыланган 13:53 16.05.2018)
Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун кароо уланып жатат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Талант Мамытов ТЭЦтеги авария боюнча бардык жоопкерчиликти мурдагы премьер Сапар Исаков өз мойнуна алышы керектигин айтты.

Депутат өз сөзүндө 2017-жылы 10-майда ошол учурдагы премьер-министр күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча токтом чыгарганын айтып, Сапар Исаков өкмөткө күзүндө келип, 2-ноябрда парламентке келип кышка даярбыз деп маалымат бергенин кошумчалады.

"Сапар Исаков кышка даярбыз деп маалымат берип, катылып жаткан кемчиликтерди жашырганы үчүн ТЭЦтеги авариянын жоопкерчилигин алышы керек", — деди ал.

Мамытов ошондой эле эгер президенттин жетекчилиги менен өткөн коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөшүү маселеси көтөрүлбөсө бул иштер "бармак басты көз кысты" болуп фактылар айтылбай калмак деген пикирин айтты.

Өз кезегинде Сапар Исаков ТЭЦтеги авария чыккандан кийин жоопкерчиликти өзүнө алып, билдирүү жасаганын билдирди. Исаков ошондой эле бир да жолу жоопкерчиликтен качпаганын айтты. Андан сырткары, мурдагы премьер күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнү ким жетектегенине, ТЭЦтин оңдоп-түзөөсүн ким көзөмөлдөгөнүнө да көңүл буруу керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-майда, Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу кароо уланып жатат.

792
Белгилер:
Талант Мамытов, Сапар Исаков, Кыргызстан
Тема:
ТЭЦ боюнча козголгон кылмыш иштер жана кармалгандар (63)
Тема боюнча
ТЭЦ маселеси: Жантөрө Сатыбалдиев анын өкмөтү кандай иштегенин айтты
Исаков: ТЭЦтеги авариянын жоопкерчилигин өз мойнума алам
Бишкек ТЭЦиндеги авариянын чыныгы себебин ишкананын мурдагы директору айтып берди