Шавкат Мирзиёев жубайы менен Вашингтонго учуп барды. Видео

Жазылуу
Расмий сапардын алкагында 40тан ашык документке кол коюлушу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жубайы Зироатхон Хошимова менен АКШга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.

Президентти Вашингтондогу "Эндрюс" аэропортунан АКШнын өкмөт мүчөлөрү тосуп алды. Бул боюнча видео Мирзиёевдин Facebook баракчасына жүктөлдү.

Өзбек башчысы менен Трамптын Ак үйдөн жолугушуусу 16-майга пландалган. Жолугушуу алгач тар чөйрөдө өтүп, кийин кеңейтилген форматта улантылат.

Ал эми 17-майда Мирзиёев мамлекеттик катчы, АКШнын коргоо министри, конгрессмендер жана сенаторлор, ошондой эле Дүйнөлүк банктын президенти менен жолугуп, кызматташууну жакшыртуу темасында сүйлөшөт.

Расмий сапардын алкагында 40тан ашык документке кол коюлушу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0