ТЭЦти модернизациялоонун техникалык экономикалык негиздемеси талкууга түштү

Жазылуу
Мурдагы министр ошондой эле экологиялык багыттар, курулушту куруу боюнча министрликтердин макулдуктары бар экенин белгиледи.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо боюнча алдын ала техникалык экономикалык негиздеме (ТЭН) болгонун, бирок модернизациялоо долбоору болбогонун Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦтеги авариянын жоопкерчилиги Сапар Исаковго жүктөлүүдө. Мурунку премьердин жообу
Ал эми депутаттар Мирлан Бакиров менен Эмил Токтошев ТЭН Жогорку Кеңешке келбегенин билдиришти.

Өз кезегинде Сатыбалдиев маалыматтарды колундагы документтерге таянып айтып жатканын баса белгиледи.

Төрага Дастан Жумабеков толук түрдө жооп болбогонун айтып, Сатыбалдиевди ошол учурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевден тактап суроону өтүндү.

Артыкбаев негизинен толук кандуу техникалык экономикалык негиздеме болбогонун билдирди.

"Меморундум түзгөндө "Электр станциялары" менен TBEA компаниясы изилдөө жүргүзүп, ошонун негизинде ТВЕА өзүлөрүнүн алдын ала экономикалык техникалык негиздемесинин сунушун даярдап, аны техникалык экономикалык негиздеме деп аташкан. Ошонун негизинде "Электр станциясы" өзүнүн адистери менен изилдөө жүргүзүп, сунушка өздөрүнүкүн кошуп беришкен. TBEA компаниясы "Электр станциялардын" берген сунуштарын эске алдык деп жазып жатат. Ал боюнча кол коюлган документтерди толук кандуу техникалык экономикалык негиздеме деп атоого болбойт", — деди Артыкбаев.

Мурдагы министр ошондой эле экологиялык багыттар, курулушту куруу боюнча министрликтердин макулдуктары бар экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу кароо уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0