Момбеков: эркиңер жетеби, Атамбаев менен Жээнбековду чакыргыла!

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңеш депутаттык комиссиянын ТЭЦ боюнча корутундусун карап жатат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков ТЭЦтеги авария жана модернизациялоо боюнча чыккан иштер боюнча мурдагы жана азыркы президенттерди, аларга кошуп учурдагы өкмөт башчысын да чакыруу керектигин жалпы жыйында айтты.

"Эркиңер жетеби, урматтуу комиссия, экс-президентти, азыркы президентти, азыркы өкмөт башчыны да чакыргыла. Ал ошол кезде биринчи вице-премьер болуп отурган. Анын да күз-кышка даярдык көрүүдө тиешеси бар. Эркиңер жетеби, чакыргыла. Бул жерде элге шылдың болбой. Чакыргыла, Алмазбек Шаршенович келет, Сооронбай Шарипович келет, жооп берсин. Ошондо гана чындыкка чыгасыңар, жети баланы камап коюп кыйын боло бербей", — деди депутат.

Момбеков ошондой эле ТЭЦте авариянын болгону чындык болсо, аферанын да болгону чындык экенин айтып, аткаруучулар камалып, башкаруучулар эркин эле жүргөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу кароо уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0