Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакировдун архивдик сүрөтү

Бакиров: ТВЕА компаниясын айыпка жыгуу керек

220
(жаңыланган 11:24 17.05.2018)
Эл өкүлү химиялык тазалоо цехи курулуп бүтө электигин билдирди.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Бишкек ТЭЦин модернизациялаган ТВЕА компаниясы белгиленген мөөнөттө ишти толук аткарып бүтпөгөнүн айтып, аларга карата келишимде көрсөтүлгөн айып санкциясы каралышы керектигин айтты.

Эл өкүлү кытай компаниясы белгиленген ишти 36 айдын ичинде аяктабаганын белгиледи. Бакиров депутаттык комиссиянын кортундусунда дагы модернизациялоо иштери соңуна чыккан жок деп жазылганын кошумчалады.

"Иш мөөнөтүндө аткарылбаса келишимге ылайык 0,05 айып санкция каралат деп турат, ал күнүнө 193 миң долларды түзөт. Андыктан кытай компаниясына карата айып санкциясын киргизүүнү караш керек", — деди депутат.

Эски премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү
© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул Оморкулов
Эл өкүлү өз кезегинде химиялык тазалоо цехи 386 миллион доллардын эсебинен курула турганын айтып, ал аяктай электигин белгиледи.

"Электр станциялары" ААКтын өкүлү учурда химиялык тазалоо цехи курулуп бүтө электигин тастыктады. Ал ошондой эле жаңы курулган блоктор толук иштеп жатканын, химиялык тазалоо цехин куруу маселеси былтыр көтөрүлүп, учурда долбоору даярдалып бирок иш-аракеттер аткарыла электигин кошумчалады.

"Бирок биз 1-сентябрга чейин жаңы цех ишке кириш керек деп шарт койдук. Жаңы блоктор азыр эски химиялык тазалоо цехи менен иштеп жатат", — деди ишкананын өкүлү.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун кароо уланып жатат.

220
Белгилер:
ТЭЦ, Жогорку Кеңеш, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
ТЭЦ боюнча козголгон кылмыш иштер жана кармалгандар (48)
Тема боюнча
ТВЕА компаниясын ким тандаган? ТЭЦ тууралуу жаңы фактылар ачыкталды
ТЭЦ маселеси: Жантөрө Сатыбалдиев анын өкмөтү кандай иштегенин айтты
Улан Примов: ТЭЦ боюнча депутаттык комиссияга эч ким басым көрсөткөн жок
Тажикстан ТЭЦ куруп берген Кытайдан алтын кенин берип кутулду
Пикирлер