Салянованын ордуна депутат болуп келген Гүлнара-Клара Самат ант берди

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат болуп келген Гүлнара-Клара Самат бүгүнкү жыйында ант берди
Жогорку Кеңештеги Ата Мекен фракциясынан депутат болуп келген Гүлнара-Клара Самат бүгүнкү жыйында ант берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот Аида Салянованы айыптуу деп тапкандыктан БШК аны депутаттык мандатынан ажыраткан болчу.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат болуп келген Гүлнара-Клара Самат бүгүнкү жыйында ант берди.

Гүлнара-Клара Самат мурдагы депутат Аида Салянованын ордуна келди.

Эске салсак, экс-депутат Аида Салянова юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген деп айыпталган. Кийин сот эл өкүлүн айыптуу деп тапкандыктан БШК депутаттык мандатынан ажыраткан болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0