ЖКда Рыскелди Момбеков менен төрага Дастан Жумабеков кайым айтыша кетти

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаАрхивное фото спикера ЖК Дастана Джумабекова
Архивное фото спикера ЖК Дастана Джумабекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү менен төрага трибунага чыгып сүйлөп жаткандар боюнча талашып-тартыша кетти.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында ТЭЦтин айланасында болгон окуяларды иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жаткан учурда Рыскелди Момбеков парламенттин трибунасына мурда кызматтан кеткен кишилерди чыгарып, аларды эксперт катары сүйлөтүп ыйык трибунаны булгабоо керектигин айтты.

"Булар эксперт боло турган болсо анда депутаттык комиссиянын эмне кереги бар? Биз бул жерде комиссиянын корутундусун талкуулашыбыз керек. Мындай болбойт, булардын бардыгы кызматтан алынган кишилер", — деди ал.

Өз кезегинде төрага Дастан Жумабеков суроо жаралганы үчүн тийиштүү кишилер жооп берүүсү керектигин айтып, Момбековго "туурасын сүйлөңүз" деп кайрылды.

КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Жээнбеков мурдагы премьерлер Сатыбалдиев менен Исаковго кайрылды
"Булар жыйынга чакырылды, суроо туулгандан кийин жооп берүүлөрү керек. Бул жакка чыгып сүйлөсө сиздин эмнеңиз кетип жатат? Кыргызстандын тагдыры чечилип жатат, ошол боюнча сөз болууда. Бул жакка ырдаганы же жыргаганынан чыгышкан жок. Суроо туулуп ошого жооп беришүүдө", — деди төрага.

Жумабеков Момбековду эмоцияга алдырбоого чакырып, парламентте каралып жаткан бардык иштер акыйкат чечиле турганын айтып, талкууну бурмалабоого чакырды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун кароо уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0