Жээнбеков сот системасына өзгөрүүлөрдү киргизүү туурасында айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент жарандар укугун коргош үчүн кошумча чыгымга учурабаш керектигин баса белгиледи.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков райондор аралык соттордун функцияларын жана штаттык бирдиктерин райондук сотторго өткөрүп берүү туурасында Соттук реформа боюнча кеңештин I жыйынында айтты.

Мамлекет башчысы бул үчүн убакыт керектигин, бирок процессти тездетүү зарылдыгын айтты.

Андан сырткары, жарандар укугун коргош үчүн кошумча чыгымга учурабаш керектигин да баса белгиледи.

"Сот адилеттигине жетиш үчүн адамдарга абдан ыңгайлуу шарттарды түзүү керек. Өзүнүн укугун коргош үчүн жарандарыбыз талашты чечкен сот органы алыс жайгашкандыгына байланыштуу кошумча чыгымга учурабашы керек (жол киреси, жатакана чыгымы). Көпчүлүк, жер-жерлердеги жарандар ушуну талап кылышат. Мен дагы туура деп эсептейм", — деди президент.

Ал сот органдарын реформалоо азыркы мезгилде кыргыз мамлекетинин эӊ негизги көйгөйү болуп калгандыгын баса белгиледи.

Жээнбеков буга чейин да Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соттору менен жолукканда, аларга адилет чечимдерди кабыл алуунун маанисин эскерткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0