Жээнбеков: сот болчулардын декларациясы менен адеп-ахлагын текшерүү керек

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы судьяларды дайыма окутуп туруу зарылдыгын белгилеген.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Сот органдарындагы кадр алмашуулардан жүрүш-турушу кынтыксыз эмес судьялардын көбү кеткени менен сотторго жарандардын даттануулары азайган жок. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн өтүп жаткан Соттук реформа боюнча кеңештин I жыйынында айтты.

"Судьялык корпус үчүн кадрларды тандоодо эӊ негизги талап — абдан кылдат, сапаттуу, адилет тандоо болушу керек. Судьянын кызмат ордуна өмүр бою иштөө үчүн тандоо абдан күчтүү болуп, талапкердин кирешелери жана чыгашалары жөнүндө декларацияларын, ишинин сапатын, адеп-ахлактык абалын катуу текшерүү менен коштолушу керек. Анын негизинде кесипкөй, моралдык принциптери жогору болгон судьялык корпус түзүлүшү зарыл", — деди президент.

Мамлекет башчысы судьяны дайыма окутуу — анын кесиптик жана инсандык өсүшүн камсыз кылган узак процесс катары каралууга тийиш экендигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0