Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Исхак Масалиев. Архив

Масалиев: ТЭЦ боюнча экс-президентти жооп берсин десек мыйзамды өзгөртүү керек

299
(жаңыланган 19:48 17.05.2018)
Эл өкүлү КР Конституциясында бардык жаран мыйзам алдында бирдей деп жазылганын белгиледи.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. ТЭЦтеги авария жана аны модернизациялоого жумшалган каражаттын пайдаланылышына экс-президентти жооп берсин десек, анда мыйзамды өзгөртүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ТЭЦти модернизациялоо аракеттери башталган учурда мамлекетти ким бийлеп, премьер-министрдин башын аттап өтүп, министрлерге ким тапшырма бергени билинип калды.

"Бул жерде мамлекетти ким башкарганы ачык көрүнүп жатат. Башкарган киши мамлекетти бийлеген. Президент түзмө-түз премьер-министрдин башын аттап туруп министрлерге буйрук берген, бул мыйзамга туура келбейт жана Конституцияны бузуу дегенди билдирет. Мен мурунку президенттен кол тийбестикти алуу боюнча сунуш бергем. "Масалиев айтты, эртең эле кол тийбестик алынат" деген ой болбош керек, биринчи мыйзамды өзгөртүү зарыл", — деди ал.

Депутат ошондой эле иштеп жаткан президент менен депутатты жоопко тартса болорун, бирок экс-президентти эч ким, эч качан жоопко тарта албасын белгиледи.

"Иштеп жаткан президентти импичмент аркылуу жоопко тартса болот экен, ошондой эле иштеп жаткан депутатты да тартса болот экен. Ал эми экс-президентти эч ким, эч качан эч нерсеге тарта албайт экен. Кыргызстанда бир адам эч качан эч нерсеге жооп бербейт деген Конституцияга да туура келбейт. Конституцияда бардыгы мыйзам алдында бирдей деген берене бар. Мурдагы президентибиз акыркы Конституциялык реформанын алдында "мыйзам алдында бардыгы бирдей болот, коррупция боюнча мөөнөт болбош керек" деп айткан, же бул анын сөзү эмеспи? Андыктан жоопкерчиликти толугу менен карашыбыз керек", — деди депутат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун кароо уланып жатат.

299
Белгилер:
ТЭЦ, Жогорку Кеңеш, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
ТЭЦ боюнча козголгон кылмыш иштер жана кармалгандар (48)
Тема боюнча
Асылбек Жээнбеков мурдагы премьерлер Сатыбалдиев менен Исаковго кайрылды
ТЭЦтин айланасындагы окуялар боюнча канча кылмыш иши козголгону айтылды
Пикирлер