Ала-Тоо аянтындагы тарых музейи. Архив

100 миңдик отургучтар... Жаңыланган Тарых музейине депутаттардын ичи чыккан жок

485
(жаңыланган 18:27 25.05.2018)
Парламентарийлер сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразылыгын билдирди

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары көчмө жыйында Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болушту.

Депутат Бахадыр Сулеймановдун айтымында, немец өндүрүшүнөн чыкты деп алып келинген бир отургучтун баасы 100 миң сом болгон. Ал мындан сырткары музейге алынган бир композициянын жыгач койгучу 600 доллар турарын билдирди.

"Балким, анын сапаты абдан мыктыдыр. Бирок мындай эмерек бизге кереги жок деп ойлойм", — деди Сулейманов.

Депутат Каныбек Иманалиев жергиликтүү компаниялар турганда немец өндүрүшүнөн чыккан эмеректерди алуунун зарылдыгы бар беле деген суроону иликтөөнү тартип коргоо органдарына суранарын айтты.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Бул процесстин куратору президенттин аппараты болуптур. Иш Жогорку Кеңештен кыйгап өтүп, өкмөт менен алып барылыптыр. 100 миң сомдук бул отургучтар байлар же хандар үчүн эмес, музейдин кызматкерлери үчүн керек. Аны 15 миң сомго деле сатып алса болот. Музейдин жетекчиси реконструкция иштерин президенттин аппаратынын ал кездеги жетекчиси, кийинчерээк премьер-министр болгон Сапар Исаков жөндөгөндүгүн айтты", — деди Иманалиев.

Депутаттын айтымында, андан сырткары эмне үчүн курулуштун биринчи этабында Кыргызстан Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоого беребиз деген түрк грантынан баш тарткандыгын да иликтөө зарылдыгын айтты.

485
Белгилер:
Кыргызстан, Каныбек Иманалиев, Бахадыр Сулейманов, Тарых музейи, тендер, эмерек
Тема:
Тарых музейинин реконструкциясы боюнча чыккан чыр (13)
Тема боюнча
Тарых жана Фрунзе музейинен жоголгон баалуу экспонаттардын тизмеси
Өлкөдө коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча үчүн банк эсеби ачылмай болду
БШКнын кызматкерлери Бишкектеги шайлоо участкасында

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча корко турган эч нерсе жок! Иманкуловдун кайрылуусу

173
(жаңыланган 01:38 29.11.2021)
Республикалык штабдын жетекчиси шайлоочулардын добушу эми кол менен санала турганын айтып, бул процесске катышууга партия мүчөлөрүн чакырган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча коркуп-үркө турган эч нерсе жок, аны бурмалаганга жол бербейбиз. Бул тууралуу парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди.

Ал ар бир бюллетенди текшерип чыгууга даяр экенин белгилеген.

"Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат. Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз", — деди Иманкулов.

Белгилей кетсек, кечээ БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

173
Белгилер:
БШК, Марат Иманкулов, шайлоо, жыйынтык, кайрылуу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШК сайтынан "жоголгон" 14% добуш. Шайлдабекова жооп берди
Жогорку Кеңеш-2021 шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы
Аял талапкерлердин арасынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? Тизме
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова

БШК сайтынан "жоголгон" 14% добуш. Шайлдабекова жооп берди

293
(жаңыланган 01:33 29.11.2021)
Түнкү саат 12:00 чамасында Боршайкомдун онлайн-режиминде көрсөтүп жаткан сайтында 14 пайыздык добуштардын эсеби чыкпай калган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыгын көрсөткөн сайтта добуштардын 14 пайызынын "жоголуп" кетиши боюнча Sputnik Кыргызстандын суроосуна жооп берди.

Буга чейин Боршайкомдун шайлоонун алдын ала жыйынтыгын онлайн-режиминде берип жаткан сайтында 14 пайыздык добуштардын эсеби чыкпай калган. Саат 23:52ге карата жалпы пайыздык көрсөткүч 100дү эмес, 86,08 пайызды түзүп жаткан.

БШКнын жетекчиси мындай жагдайдын жаралышына жараксыз чыккан бюллетендер себеп болушу мүмкүн экенин айтты.

"Сөзсүз түрдө жараксыз бюллетендерди эсептеп чыгыш керек. Жалпысынан АСУга 1 234 456 бюллетень түштү, бул шайлоочулардын 33 пайызы добуш бергенин түшүндүрөт. Анын ичинен 1 115 645 (90,38 пайызы) бюллетень жарактуу, ал эми 9,62 пайызы жараксыз деп табылды. Ушул сумманы кошкондо 100 пайызга жетет деп ойлойм", — деди Шайлдабекова.

Мындан сырткары, шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калды. Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

293
Белгилер:
Нуржан Шайлдабекова, БШК, сайт, көйгөй, маселе, жоголуу, добуш
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Кол менен санагыла! Жапаров "добуштар уурдалды" деген партияларга кайрылды
Канча бюллетень жараксыз чыкканы белгилүү болду. Жыйынтыкка таасир этеби?