Жогорку Кеңеш Башкы прокурордун отчетун угат

© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморовБашкы прокурор Өткүрбек Жамшитов. Архив
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көзөмөл органынын жетекчиси Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары аткарган иштер жөнүндө айтып берет.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш 30-майда Башкы прокурордун отчетун уга тургандыгын парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жогорку Кеңеш 30-майда Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурордун отчетун угууну пландады", — деп айтылат маалыматта.

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМКдагы кызматтардын бирин Жакыпбек Байымбетов жетектемей болду
Эске салсак, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков күч түзүмдөрүнүн жана сот органдарынын коррупцияга каршы күрөшүүдөгү аракеттери боюнча коомчулукта нааразычылыктар бар экенин белгилеген. 

Көп өтпөй Башкы прокурор Индира Жолдубаева өзүнө жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбай жаткандыгына байланыштуу иштен алынган. 

Кийин көзөмөл органынын жетекчилери алмашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0