Шаардык кеңеш отчет берээрде иштен кеткен жетекчилерди сынга алды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштөн кийин "Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларын иштетүү системасын жакшыртууга гранттык жана насыялык каражаттарды тартууну жактыруу жөнүндө" маселеси каралды.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары отчет берээрде кызматынан кеткен жетекчилерди сынга алды.

Ушу тапта шаардык кеңештин жыйыны өтүп жатат. Түштөн кийин "Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларын иштетүү системасын жакшыртууга гранттык жана насыялык каражаттарды тартууну жактыруу жөнүндө" маселеси каралды. Төрага Алмаз Кененбаев Бишкек санитардык полигонунун жетекчиси Болот Асаналиев жасалган иштер боюнча отчет берет дегенде полигондун өкүлү "Асаналиев арыз жазып кызматтан кетти" деп жооп берген.

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Сейдахмат Исмаилов буга нааразы болду.

"Мен буга чейин да айттым эле, отчет бергенге келгенде эле жетекчилер кызматтан кете береби? Андай болбош керек",— деди Исмаилов.

Жыйында төрага Алмаз Кененбаев ага Асаналиевдин кызматтан кеткени боюнча арыздын көчүрмөсү түшө электигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0