Рыскулованын ордуна иштейм дегендер чыкты

© Sputnik / Расул УсеналиевДепутат бишкекского горкенеша Асел Куламбаева
Депутат бишкекского горкенеша Асел Куламбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айгүл Рыскулова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кеткен.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Асел Куламбаева вице-мэрликтен кеткен Айгүл Рыскулованын ордуна иштөөгө даяр экенин билдирди.

"Мен Айгүл Рыскулованын ордуна социалдык маселелер боюнча вице-мэр болуп иштөөгө даярмын", — деди ал.

Куламбаеванын бул чечимин депутаттар кол чаап колдоого алышты. Алар ошондой эле Албек Ибраимов "бош орунга каалоочу депутаттарды алам" деген сөзүнө турат деп ишенишерин билдиришти.

Белгилей кетсек, Айгүл Рыскулова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0