Башкы прокурордун былтыркы жасаган иштерине Жогорку Кеңеш канааттанган жок

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
93 депутат башкы прокурордун 2017-жылда жасаган иштерине канааттандырарлык эмес деп добуш берди.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун мурдагы жетекчи Индира Жолдубаева иштеп турган — 2017-жылда жасалган иштер боюнча берген отчетун канааттандырарлык эмес деп тапты.

93 депутат башкы прокурордун 2017-жылда жасаган иштерин канааттандырарлык эмес деп добуш берген.

Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков баш прокурордун орун басарын алмаштырды
Добуш берүүнүн алдында депутат Кенжебек Бокоев башкы прокуратуранын 2017-жылдагы ишин канааттандырарлык эмес деп табуу керектигин сунуштады. Эл өкүлү мурдагы башкы прокурор (Индира Жолдубаева — ред.) ишин жакшы аткарбагандыктан кызматтан алынганын эскертти.

Депутаттар Мыктыбек Юсупов менен Талант Мамытов мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2017-жылдагы ишин канааттандырарлык эмес, ал эми жаңы башкы прокурордун ишин эске алуу керектигин сунуштап, бул сунуш колдоо тапты.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков күч түзүмдөрүнүн жана сот органдарынын коррупцияга каршы күрөшүүдөгү аракеттери боюнча коомчулукта нааразычылыктар бар экенин белгилеген.

Көп өтпөй Башкы прокурор Индира Жолдубаева өзүнө жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбай жаткандыгына байланыштуу иштен алынган.

Азыркы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ушул жылдын апрель айынын аягында бул кызматка дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0