Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов. Архив

Албек Ибраимов өзү фигурант болгон кылмыш иши боюнча пикирин айтты

933
(жаңыланган 23:55 31.05.2018)
Улуттук коопсуздук кызматы "ТНК Дастан" ААКсында ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бишкек мэри Албек Ибраимов "Апрель" телеканалынын түз эфиринде өзү фигурант болуп жаткан кылмыш иши тууралуу оюн билдирди. 

Буга чейин Улуттук коопсуздук кызматы "ТНК Дастан" ААКсына ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал кезде Албек Ибраимов аталган ишкананын башчысы болуп турган.

“Кылмыш иши Ибраимовдун үстүнөн эмес, атайын буюмдарды сатып алуу фактылары боюнча козголду. Биз ал иштин алкагында так түшүндүрмө берүүгө даярбыз”, — деди шаар жетекчиси. 

Анын айтымында, “Дастан” аскердик продукцияларды өндүргөндүктөн, көп нерсени ачык айтуу мүмкүн эмес. Ошондой эле шаар жетекчиси учурда көптөгөн ведомстволордо ушул сыяктуу текшерүүлөр жүрүп жаткандыктан, бул кылмыш ишинде саясий боектор бар деп так кесе айта албастыгын кошумчалады.

УКМКын маалыматы боюнча, 2012-жылдын январь айында "ТНК Дастан" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен "Дастан Инжиниринг" ЖЧКсынын башкы директору Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 АКШ доллар суммасында 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү тууралуу келишим түзгөн.

Ошондой эле муну менен "ТНК Дастан" ААКсы жана "Дастан Инжиниринг" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн, баасы атайылап жогорулатылган келишимдин негизинде мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилгени айтылган. 

933
Белгилер:
пикир, кылмыш иши, Албек Ибраимов
Тема боюнча
УКМК козгогон кылмыш ишинде Албек Ибраимов фигурант болууда