Сапар Исаков камакка алынды

© Sputnik / Нурис АлымбаевМурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапар Исаков буга чейин УКМКнын сурагына төрт ирет чакырылган

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаков тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Мурунку өкмөт башчы буга чейин 29-майда да УКМКнын суроолоруна жооп берген. Ал эми биринчи жолу 26-апрелде УКМКга Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары келген.

Исаков бүгүн да УКМКга чакырылып саат 16:00дө имаратына кирип кеткен

Буга чейин Исаковго "коррупция" беренеси" боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы тандалган. Бүгүн болсо сот баш коргоо чарасын өзгөрттү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0