КСДП партиясы Сапар Исаковдун камалышы боюнча үн катты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы премьер-министр "коррупция" беренеси боюнча айыпталып, соттун чечими менен камакка алынды.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун камалышы боюнча комментарий берди.

Ызам чексиз! Исаков УКМКдан чыгып айыптоолорго нааразы болду. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ызам чексиз! Исаков УКМКдан чыгып айыптоолорго нааразы болду. Видео
Исаков коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялаган Кытайдын TBEA компаниясынын кызыкчылыктарын бир топ адамдар менен коргогон деп айыпталууда. Буга чейин Исаковго эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы тандалган болчу.

Жолдубаеванын айтымында, Исаков тергөөдөн качпай, чакырууларга убагында барып турган.

"Тергөөчүлөр оор айыптоолорго байланыштуу камакка алууну өтүндү, алар эмне качып кетет деп коркуп жатышабы? Жактоочу тарап үй камагына алууну суранган. Ошондой эле биз дагы Исаковдун төрт баласы жана карыган апасы бар экенин айтканбыз. Бирок сот биздин жүйөлөрдү эске албай, камап салды", — деди Жолдубаева.

Ал ошондой эле мындан ары адвокаттар иш алып барарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков бүгүн, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0